Загрузка документа…
АТБАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атбашы айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз он төртүнчү сессиясы
2022-жылдын 12-декабры № 121
К3 зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө
“ Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2022-ж 18 мартындагы №4 Мыйзамынын 3 беренесинин 2 пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404 беренесинин 4 пунктунун негизинде, айыл чарба багытындагы эмес жер салыгын жана уй жанындагы жана бакча тилкелеринен алынуучу жер салыгын эсептөө үчүн К3 зоналдык коэффициентин бекитүү зарылдыгын угуп жана талкуулап чыгып Атбашы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023 жылдын 1 январынан баштап мүлк салыгы:турак жай, турак эмес жайлар,транспорт салыгы,айыл чарба багытындагы эмес жана айыл чарба жерлерин пайдаланганы үчун жер салыгы, үй жанындагы жана бакча тилкелеринен алынуучу жер салыгы киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 403-беренесине ылайык айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы боюнча зоналдык коэффициентти “К3=2.0 өлчөмүндө бекитилсин.
3. Атбашы айыл аймагынында жайгашкан Ак-Жол, Лесное, Манас, Төрт-Көл айылдарында турак жайдын жанындагы, короо жай жана багбанчылык тилкелеринен алынган жер салыгынын эсептөө үчүн зоналдык коэффициент “К3=2.0” өлчөмүндө бекитилсин.
4. 2023 жылдан баштап юридикалык жактардан жана жеке ишкерлерден таштанды чыгаруунун тарифи бир кызматкерге 100 сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Атбашы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э.Мусурманкуловго жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрайымы |
Д.Абыканова |