Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бириктирилген Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз I сессиясы
2023-жылдын 18-майы № 1/1
Бириктирилген Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасын жана орун басарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги №85-Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги №87-Жарлыгын жана Кыргыз Репсубликасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177-Токтомун жетекчиликке алуу менен бириктирилген Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин Депутаттары токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги №85-Жарлыгына ылайык Чолпон айыл аймагынын карамагына Чекилдек айылы бириккендигин, катышкан 20 депутаттардын 20 добушуна ээ болгондугун белгилеп, бириктирилген айыл аймактарынын Чолпон айылдык кеңешинин төрагасы болуп Жумалы уулу Адил шайланды деп эсептелинсин.
2. Бириктирилген Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары болуп Адисбек уулу Майрамбек шайлангандыгы белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрайымдык кылуучу | Мамбетова Жаңыл |