ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2023-жылдын 2-июну № 2/1
АРИСтин Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагындагы кошумча каржылоо COVID-19га жооп кайтаруу боюнча КК АИД-3 Долбоорундагы Ири долбоорлор жөнүндө
КК АИД-3түн алкагында айылдык аймагында жүргүзүлгөн долбоордук иш-чаралар жөнүндө жана ири долбоор (лор) “Качибеков Абдулла атындагы орто мектебин энергоэффективдүүлүгүн жакшыртуу (терезе-эшиктерин алмаштыруу жана сыртын жылуулоо)”, “Ара-Көл айылдык ФАПтын капиталдык оңдоодон өткөрүү”, “Эпкин айылындагы Асыранбек Мааткеримов атындагы орто мектебинин №1 окуу имаратын жылуулоо жана жылытуу тутумун орнотуу” жана Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин терезелерин которуу боюнча” айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовдун жана/же айылдык аймактын АКИАнын төрайымы Шекеева Майрамкүлдүн жана АКнын төрагасы Жумалы уулу Адилдин, маалыматын карап жана талкуулап, ошондой эле "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" 20-октябрь, 2021-жылдын № 123 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин Депутаттары токтом кылат:
1. Ири долбоор (лор)- “Качибеков Абдулла атындагы орто мектебин энергоэффективдүүлүгүн жакшыртуу (терезе-эшиктерин алмаштыруу жана сыртын жылуулоо)”, “Ара-Көл айылдык ФАПтын капиталдык оңдоодон өткөрүү”, “Эпкин айылындагы Асыранбек Мааткеримов атындагы орто мектебинин №1 окуу имаратын жылуулоо жана жылытуу тутумун орнотуу” жана Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин терезелерин которуу боюнча” жалпы бюджет 9 065 000 сом, а.и. АРИСтин гранты 8 265 000 сом, жергиликтүү бюджеттен кошумча каржылоо 800 000 сом, бекитилсин. (№1-тиркеме.)
2. Ири долбоор (лор)- 2023-жылдын “Качибеков Абдулла атындагы орто мектебин энергоэффективдүүлүгүн жакшыртуу (терезе-эшиктерин алмаштыруу жана сыртын жылуулоо)”, “Ара-Көл айылдык ФАПтын капиталдык оңдоодон өткөрүү”, “Эпкин айылындагы Асыранбек Мааткеримов атындагы орто мектебинин №1 окуу имаратын жылуулоо жана жылытуу тутумун орнотуу” жана Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин терезелерин которуу боюнча” айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү планына жана инвестициялык планга киргизилсин жана ошондой эле АРИСтин АИД-3 КК Долбоорунун алкагында Чолпон АА айылдарында өткөрүлгөн фокус топтордон чыккан көйгөйлөр Чолпон АА социалдык экономикалык өнүктүрүү программасына киргизилсин.
3. Ири долбоордо көрсөтүлгөн объектти техникалык тейлөөгө жана пайдаланууга жергиликтүү бюджеттен чыгымдарды мүмкүнчүлүккө жараша каржылоо жагы каралсын;
4. Айыл өкмөтүнүн башчысына “Качибеков Абдулла атындагы орто мектебин энергоэффективдүүлүгүн жакшыртуу (терезе-эшиктерин алмаштыруу жана сыртын жылуулоо)”, “Ара-Көл айылдык ФАПтын капиталдык оңдоодон өткөрүү”, “Эпкин айылындагы Асыранбек Мааткеримов атындагы орто мектебинин №1 окуу имаратын жылуулоо жана жылытуу тутумун орнотуу” жана Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин терезелерин которуу боюнча” ири долбоорду жана тиешелүү д-иш-кагаздарды АРИСке өз убагында берүү тапшырма берилсин;
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чолпон айыл өкмөт башчысына жана АК бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Жумалы уулу Адил |
Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин 02.06.2023-ж №2/1 токтомуна тиркеме №1 |
№ | Долбоордун аталышы | Жалпы бюджет | Грант АРИС | Өздүк салым АӨ |
1. | Качибеков Абдулла атындагы орто мектебин энергоэффективдүүлүгүн жакшыртуу (терезе-эшиктерин алмаштыруу жана сыртын жылуулоо) | 1 650 000 | 850 00 | 800 000 |
2. | Ара-Көл айылдык ФАПтын капиталдык оңдоодон өткөрүү | 1700 000 | 1 700 000 | - |
3. | Эпкин айылындагы Асыранбек Мааткеримов атындагы орто мектебинин №1 окуу имаратын жылуулоо жана жылытуу тутумун орнотуу | 2 300 000 | 2 300 000 | - |
4. | Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин терезелерин которуу боюнча | 3 331 438 | 3 331 438 | - |
Төрага | Жумалы уулу Адил |