Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2023-жылдын 29-июну № 3/3
Акча каражаттарын кароо жөнүндө
2023-жылы 9 айлыкта бош калган акча каражаттарын кароодо көйгөйлүү болгон муктаждыктарга акча каражаттарын сурап кайрылган мекеме кызматкерлеринни кайрылуусун угуп жана талкуулап Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин Депутаттары токтом кылат:
1. 2023-жылы 9 айлыкта бош калган акча каражаттарынан айыл аймактагы төмөндөгү көйгөйлүү болгон муктаждыктарга акча каражаты каралсын.
-Майрамдык, салтанаттуу иш-чараларды айыл аймак боюнча уюштурууда үн коштоочу музыкалык аппаратура алууга 140,0 миң сом;
-Коомдук тартип, пробация жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча башкы адис-юрист адисине Принтер алууга 23,0 миң сом;
-Айылдардагы айдоо аянттарын, огорддорду ченөөгө GPS аппаратын алууга 400,0 миң сом;
-Чолпон айылдык китепканасын оңдоо жумуштарына 100,0 миң сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго жана акча каражатын которуу, тендердик сатып алуу иштерин жүргүзүү жагы башкы эсепчи Мухамбетсадык кызы Каныкейге милдеттендирилсин.
Төрага | Жумалы уулу Адил |