ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2023-жылдын 18-июлу № 4/2
Турак жай жер тилкелерин бөлүп берүүдө көлөмүн кайра кароо жөнүндө
Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда турак жай жер тилкелерин бөлүп берүү тууралуу ар бир айылдардагы элдик жыйналыштардын Протоколдорунун негизинде Чолпон айыл өкмөтүнүн орун басары А. Исаковдун жана жер турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адис Жаныш уулу Ормондун кайрылуусун угуп жана талкуулап Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин Депутаттары токтом кылат:
1. Депутаттардын VI чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин 2021-жылдын 22-апрелиндеги кезектеги 41-сессиясынын №41/1 Токтомунун 1 жана 2 пунтктарына айыл тургундарынын мүдөө талабын канаттандыруу максатында өзгөртүү киргизилип, Чолпон айыл өкмөтүндө турак жай тилкелерин бөлүүдө 20 сотыхтан бөлүнүп берилсин.
2. Трансформацияга сунушталган жерлердин жарандарга бөлүп берүүдө көлөмүн аныктоо жагы кошумча каралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго тапшырылсын.
Төрага | Жумалы уулу Адил |