Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2023-жылдын 18-июлу № 4/3
Ак-Чий орто мектебине бөлүнгөн акча каражатын кайра кароо жөнүндө
Ак-Чий орто мектебинин чатырын алмаштыруу тууралуу Ак-Чий орто мектебинин директору Э. Чекрибаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин Депутаттары токтом кылат:
1. Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы кезектеги 20-сессиясынын №20/6 Токтомунун 1 пунктунун 70911 бөлүмүндөгү 3112 беренеси менен Ак-Чий орто мектебинин жылытуу тутумун оңдоого бөлүнгөн 125,0 миң сом акча каражаты багыты өзгөртүлүп Ак-Чий орто мектебинин чатырын алмаштыруу үчүн курулуш материалдарын алууга уруксаат берилсин.
2. Ак-Чий орто мектебинин чатырын алмаштыруу үчүн курулуш материалдарын кабыл алып, курулушту толугу менен бүткөрүү Ак-Чий орто мектебинин директору Э. Чекирбаевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго жана акча каражатын которуу, тендердик сатып алуу иштерин жүргүзүү жагы башкы эсепчи Мухамбетсадык кызы Каныкейге милдеттендирилсин.
Төрага | Жумалы уулу Адил |