ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2023-жылдын 18-июлу № 4/5
Чолпон айыл аймагында калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө типтүү келишимин кайрадан бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинен берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жана эки тараптуу келишимди бекитүү жөнүндө Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-февралындагы кезектеги 20-сессиясынын №20/9 токтомунун 1, 2, 3, 4 пунктарында ката чыгып калганы тууралуу Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы А. Сапарбековдун маалыматын угуп жана талкуулап Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин Депутаттары токтом кылат:
1. Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-февралындагы кезектеги 20-сессиясынын №20/9 токтомунда текст ката болгондуктан 1, 2, 3, 4 пунктарына өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Чолпон айыл аймагында калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө типтүү келишими кайрадан бекитилсин.
3. Эки тараптуу келишимди мыйзамдын талаптарына шайкеш келиши көзөмөлгө алынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго тапшырылсын.
Төрага | Жумалы уулу Адил |