Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Улахол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XVIII сессиясы
2022-жылдын 28-декабры № 115
Жер участогунун категориясын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Улахол айыл өкмөтүнүн жарандарынын турак жай куруу учун жер участокторго муктаждыгын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесине, Кыргыз Республикасынын 15.07.2013-жылдагы № 145 «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы № 169 токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө» Убактылуу жобого ылайык Улахол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улахол айыл аймагынын айыл Өкмөтүнө караштуу Оттук айылынын түштүк тарабындагы жалпы аянты 44,52 га жер аянты анын ичинен, №132 - контурда жайгашкан жалпы 122,90 га жер аянтынын ичинен 42,82 га жайыт жер, №124 - контурдагы 0,40 га таштанды жер, №129 -контурдагы 1,0 га таштанды жер, №131 - контурдагы 0,30 га таштанды жерлерин «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштун жерлери» категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Бейшеевге жүктөлсүн.
3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | А.Жолалиев |
Катчы | И.Жээнтаев |