КР 2008-жылдын 5-февралындагы № 8
Мыйзамы менен ратификацияланган Бишкек шаары1999-жылдын 4-декабры Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголиянын Өкмөтүнүн ортосунда жарандардын өз ара барууларынын шарттары тууралуу МАКУЛДАШУУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголиянын Өкмөтү, мындан арыМакулдашып жаткан Тараптар деп аталуучулар, эки Мамлекеттин ортосундагы достук карым-катнаштарды мындан арыөнүктүрүүнү каалоону жетектеп, тењ укуктуулук жана өз ара пайда принциптеринин негизиндеөздөрүнүн жарандарынын өз ара баруу тартибин жакшыртуу максатында, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашышты: 1-статья. Бир Мамлекеттин жарандары бул Макулдашууда каралган чыныгы жолдожүрүү документтери менен 90 күнгө чейинки мөөнөттө визасыз келиши, чы-гып кетиши, транзит менен өтүшү мүмкүн. 2-статья. 90 күндөн ашкан мөөнөткө экинчи Мамлекеттин аймагына келген же ан-да болуу мөөнөтүн 90 күндөн узартууну каалаган бир Мамлекеттин жаранда-ры ар бир Макулдашып жаткан Тарап орноткон тартипте бул Мамлекеттин ви-засын алууга тийиш. 3-статья. Бул Макулдашуунун 1-статьясында көрсөтүлгөн чыныгы жолдо жүрүү до-кументтери болуп төмөнкүлөр эсептелет: 1. Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн: - дипломаттык паспорт; - кызматтык паспорт; - жалпы жарандык чет элге баруу паспорту; - Кыргыз Республикасына кайтып келүү күбөлүгү. 2. Монголиянын жарандары үчүн: - дипломаттык паспорт; - кызматтык паспорт; - жалпы жарандык чет элге баруу паспорту; - балдары үчүн тиркелген кагаз; - Монголияга кайтып келүү күбөлүгү. 4-статья. Чыныгы дипломаттык же кызматтык паспортторго ээ болгон жана дипло-маттык же консулдук мекемелердин кызматкерлери болгон же штаб-квартира-сы экинчи Мамлекеттин аймагында жайгашкан эл аралык уюмдардагы өз мам-лекетинин өкүлдөрү болгон эки Мамлекеттин тењ жарандары бул Мамлекеттинаймагында алар аккредиттелген бардык мөөнөттүн ичинде визасыз болушумүмкүн. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар менен биргежашаган үй-бүлө мүчөлөрү алар дипломаттык же кызматтык паспортторго ээболгон шартты эске алганда, экинчи Мамлекеттин аймагында алар аккредит-телген бардык мөөнөттүн ичинде визасыз болушу мүмкүн. 5-статья. Ар бир Мамлекеттин дипломаттык жана консулдук мекемелери Макулда-шып жаткан Тараптардын компетенттүү органдары тарабынан күбөлөндүрүлгөнже берилген уюштуруу документтеринин негизинде анын аймагында катталганжана туруктуу аккредиттелген экинчи Мамлекеттин соода-экономикалык уюм-дарынын, биргелешкен ишканаларынын кызматкерлерине эки жылдык мөөнөткөчейин көп жолку визаларды берүүнү жүргүзөт. 6-статья. Ар бир Мамлекеттин дипломаттык жана консулдук мекемелери минист-рликтер менен ведомстволордун ноталарынын же мамлекеттик башка мекеме-лердин расмий каттарынын негизинде бир жолку болушу 90 күндөн ашпаганкызматтык максаттар менен барган бул уюмдардын кызматкерлерине бир жыл-дык мөөнөткө чейин көп жолку визаларды берүүнү жүргүзөт. 7-статья. Ар бир Мамлекеттин дипломаттык жана консулдук мекемелери керектүүдокументтерди көрсөткөн шартта, 5 жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттөргө ви-заларды берүүнү жүргүзөт. 8-статья. Биринчи Мамлекеттин жарандары баруулардын максаттарына карабастан,жүргүнчүлөрдү ташуунун зл аралык катнашы үчүн ачык болгон же эки Макул-дашып жаткан Тараптар менен тењ макулдашылган өткөрүү пункттары аркылууэкинчи Мамлекеттин аймагына келиши, чыгып кетиши жана анда транзит ме-нен болушу мүмкүн. 9-статья. Окууга, тажрыйба алууга жөнөп бара жаткан студенттерге, аспирант-тарга жана тажрыйба алуучу жактарга алардын бардык окуу жана тажрыйбаалуу мөөнөттөрүнүн ичинде консулдук жыйымдарсыз көп жолку визалар бери-лет. 10-статья. Экинчи Мамлекеттин аймагында туруктуу жашап жаткан биринчи Мамле-кеттин жарандарынын баруулары бул Мамлекеттин колдонулуп жаткан мыйзам-дарына ылайык жүргүзүлөт. 11-статья. Макулдашып жаткан Тараптар өз Мамлекеттеринин жарандарын өзүнүнаймагында тоскоолсуз кабыл алууга милдеттенет. 12-статья. Бир Мамлекеттин жарандары экинчи Мамлекеттин аймагында жолдо жүрүүдокументтерин жоготкон же бузуп алган учурда, бул тууралуу жергиликтүүкомпетенттүү органдарга билдирүүгө тийиш жана тийиштүү мамлекеттин дип-ломаттык жана консулдук мекемелери берген жањы чыныгы колдонулуп жатканжолдо жүрүү документинин негизинде болуу мамлекетинен чыгып кетишет. 13-статья. Бир Мамлекеттин жарандары экинчи Мамлекеттин аймагында болуу учу-рунда бул мамлекеттин мыйзамдары менен эрежелерин, ошондой эле чет эл-дик жарандар үчүн орнотулган каттоо, болуу, бир жерден экинчи жерге ба-руу жана транзиттик жүрүү тартиптерин сактоого милдеттүү. 14-статья. Ар бир Макулдашып жаткан Тарап чет элдик жарандар үчүн орнотулганулуттук мыйзамдардын талаптары тууралуу экинчи Макулдашып жаткан Тарап-ка билдирет жана анын Мамлекетинин жарандары экинчи Мамлекеттин айма-гында болуу учурунда бул талаптарды сакташы боюнча керектүү чаралардыкабыл алат. 15-статья. Ушул Макулдашуу экинчи Мамлекеттин жактырбаган адамын өз аймагынакиришине каршы болууга же өз чечимин негиздөөгө милдеттүү болбостон,анын анда болушун бир азга токтото турууга тийиштүү ар бир Мамлекеттинукугун чектебейт. 16-статья. Макулдашып жаткан Тараптар коомдук тартипти, мамлекеттик коопсуз-дукту, коомдук ден соолукту сактоо үчүн ушул макулдашуунун аракетин то-лугу менен же анын бир бөлүгүн убактылуу токтотушу мүмкүн. Бирок мындайчечимдер алынганга чейин ар бир Макулдашып жаткан Тарап 48 сааттан кемэмес эњ кыска мөөнөттүн ичинде бул тууралуу дипломаттык жолдор мененэкинчи Макулдашып жаткан Тарапка билдирүүгө тийиш. 17-статья. Ушул Макулдашууга өз ара келишим боюнча ноталар менен алмашуу ар-кылуу толуктоолор менен өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. 18-статья. Колдонулуп жаткан улуттук чет элге баруу паспорттору жана башкажолдо жүрүү документтери өзгөртүлгөн же жањылары киргизилген учурда,Макулдашып жаткан Тараптардын бири 30 күндөн кем эмес бул тууралуу дип-ломаттык жолдор менен экинчи Макулдашып жаткан Тарапка билдирет жанаага бул документтердин үлгүлөрүн берет. 19-статья. Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн керектүү болгон мамлекет-тик ички процедураларды аткаргандыгы тууралуу Макулдашып жаткан Тарап-тар бири-бирине билдирген ноталар менен алмашкан күндөн тартып 30 күнөткөндө күчүнө кирет. 20-статья. Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлдү жана анын аракетин ток-тотууга ниеттенгендиги тууралуу биринчи Макулдашып жаткан Тараптын жа-зуу жүзүндөгү билдирүүсүн экинчи Макулдашып жаткан Тарап алган күндөнтартып 90 күн өткөнгө чейин күчүндө кала берет. Бишкек шаарында 1999-жылдын 4-декабрында эки нускада, ар бири кыр-гыз, монгол жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдейкүчкө ээ. Ушул Макулдашууну чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыкканучурда, Макулдашып жаткан Тараптар орус тилиндеги текстти колдонушат. Кыргыз Республикасынын Монголиянын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн