Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 20-отуруму
2023-жылдын 19-апрели № 20/3
Айыл өкмөттүн аймагындагы көчөлөрдүн аттары жазылган жарнактарды жаңылоо жана көчө башчылары менен иш алып баруу жөнүндө
Корул айыл өкмөтүнүн аймагындагы көчө аттары жазылган жарнактарды жаңылоо жана көчө башчылары менен иш алып баруу жөнүндө Корул айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүндөгү көчөнүн аттары жазылган жарнактарды бир типтүү (стандарт) кылып жаңылап жазуу жагы көчө башчыларына сунушталсын.
2. Көчөлөрдү ар дайым ирээттеп тазалоо жагы, жарыктандырууну көзөмөлгө алуу жагы көчө башчыларына жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.
3. Эгерде көчө башчылары келишимдеги көрсөтүлгөн талаптарды аткарбаса, мыйзам чегинде иш баруу жагы айыл өкмөт башчыга жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.
4. Көчөлөрдө мыйзамсыз жолду тарытып, жол жээгин тосуп алгандарды ирээтке келтирүү жагы айыл өкмөт башчыга жана айыл өкмөттүн жер адисине, айыл башчыларга милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин тиешелүү туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
Төрайым | М.А. Абдыкадырова |