Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 20-отуруму
2023-жылдын 19-апрели № 20/4
Корул айыл өкмөтүнүн табигый кырсыктардын алдын алуу жана аны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 18-беренесинин 22-пунктуна ылайык, айыл өкмөтүндөгү табигый кырсыктардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча айыл өкмөт башчынын маалыматын угуп, талкуулап
Корул айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүндө табигый кырсыктардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча бир топ алгылыктуу жумуштардын болгондугу белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер көчкүлөрдүн алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу, жер көчкү коркунучу бар кооптуу участоктордо жашаган айыл тургундарына эскертүүлөрдү берүү, сел каптоонун жана суу ташкындарынын алдын алуу иштери жүргүзүлсүн.
3. Табигый кырсыктарды алдын алуу жагы айыл өкмөт башчы М.Турганбаевге жана өзгөчө кырдаалдар, турак-жай, коммуналдык чарба жана муниципалдык менчик боюнча башкы адис Жакыпов Садирбекке милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрайым | М.А. Абдыкадырова |