КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 21-отуруму
2023-жылдын 15-майы № 21/1
Корул айыл өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө
Корул айыл өкмөтүнүн регламенти өзгөргөндүгү боюнча
Корул айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн аппаратынын Регламенти Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” №153 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө” №233 өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү 2023-жылдын 5-апрелиндеги №186 токтомуна ылайык бекитилсин.
2. 2023-жылдын 27-январындагы айыл өкмөтүнүн регламенти жөнүндө №01-12/14 сандуу буйругу өзгөртүлсүн.
3. Регламентти кынтыксыз жетекчиликке алуу, регламенттин жоболорун окуп үйрөнүү жана бардык айыл аймактагы мекеме жетекчилерине жеткирүү Корул айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине милдеттендирилсин.
Төрайым | М.А. Абдыкадырова |