КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 21-отуруму
2023-жылдын 15-майы № 21/2
Корул айыл өкмөтүндө айыл тургундарын өз убагында жайлоого көчүрүү жана белгиленген мөөнөттө көчүп келүүсү жөнүндө
Корул айыл өкмөтүнүн тургундарын өз убагында жайлоого көчүрүү жана белгиленген мөөнөттө көчүп келүүсү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын ишмердиги боюнча
Корул айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн тургундарын өз убагында жайлоого көчүрүүдө айыл өкмөтүнүн айыл башчыларынын жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Айыл тургундарын графиктен кечиктирбестен көчүрүү жагы жана жайытка кеткен жолдорду өз убагында тазалап, айыл тургундарына шарт түзүп берүү жагы айыл өкмөт башчысы М.Турганбаевге жана жайыт комитетинин төрагасы У. Акылбек уулуна милдеттендирилсин.
3. Айыл тургундары белгиленген мөөнөттө жайлоого көчүрүлбөсө, тиешелүү айыл башчыларга эскертүү берилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөт башчысы М.Турганбаевге милдеттендирилсин.
Төрайым | М.А. Абдыкадырова |