Редакцияот 15.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Корул айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 21-отуруму

2023-жылдын 15-майы № 21/5

Айыл тургундарынын жакынкы жайлоолорго чыгуусу жөнүндө

Корул айыл өкмөтүнүн айыл тургундарынын жакынкы жайлоолорго белгиленген мөөнөттө чыгуусу боюнча Корул айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Айыл тургундарынын малдарын топтоп (пада) баккандар уй-жылкыны 10 (он) баштан, кой-эчкини 100 (жүз) баштан ашык алышкан болсо, алыскы жайлоолорго чыгышсын.

2. Чөп чабынды жерлерди, жазгы жана күзгү жайыттарды кароосуз мал-жандыктан коруу үчүн корукчулар эл арасынан шайлансын.

3. Эгерде белгиленген мөөнөт ичинде чөп чабынды жана жакынкы жайыттарга кароосуз мал-жандыктар түшө турган болсо, корукчулар тарабынан айдалынып келип камалсын. Корукчунун колунда кармалып турган учурда, мал-жандык кокустук майып болуп же өлүп калуусу корукчу тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынсын. Эгерде мал-жандыктын ээсине кабар жеткенден кийин бир сутканын ичинде келбесе, мал-жандыктын кокустук (өлүп же майып) болгон учуруна кароолчу же тийешелүү адамдар, айыл башчы, жайыт комитети жооп бербейт.

4. Чөп орунду жерлерге жакын жайгашкан Кайыңды, Кайрак, Катыраңкынын күңгөй бети, Курманбай белден Аяңкы-Кара-Бөктөргө (Кара-Конуш, Көк-Кыя) чейин, Башкы-Кара-Бөктөр, Күдүрдүн үстү, Акбашаттын баш жагы ушул жакынкы жайыттар элдердин арызынын негизинде күзгү, жазгы жайыт болгондуктан, 20-майдан 15-августка чейинки аралыгында жайлоого олтурууга болбойт. Эгерде кимдир бирөө жайлоого чыкса бузуулар кодексинин 24-главасынын 183-беренесинин негизинде жазана салынсын.

 

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Корул айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына, Корул айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевге жана жайыт комитетинин төрагасы У.Акылбек уулуна тапшырылсын.

 

Төрайым

М.А. Абдыкадырова