Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 4-августу № 07
«Кошумча каржылоого каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө» КБШК 2023-жылдын 16-февралындагы № 07 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу «Универсал» МИ директору Д.С.Ахметовдун Кара-Балта шаардык кеңешинин “Кошумча каржылоого каражаттарды бөлүү жөнүндө” 2023-жылдын 16-февралындагы № 07 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу маалыматын угуп, ошондой эле «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Балта шаардык кеңешинин 2023-жылдын 16-февралындагы № 07 “Кошумча каржылоого каражаттарды бөлүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-1-пункттагы "таштанды ташуучу унаалар" деген сөз "атайын техникасы" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри М.Р.Джекшеновго жүктөлсүн.
_____________________________________________________________________________________________
Таркатылсын: көктөмөгө, Кара-Балта ш. мэриясына, “Универсал”МИ, КР Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына.
Кеңештин төрагасы | М.Дуйшеналиев |