Редакцияот 28.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Төө-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 25 сессиясы

2023-жылдын 28-июлу № 25-1

“Жасмин-Ай” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча тайпа ачуу жөнүндө

Төө-Моюн айылдык кеңешинин депутаттарынын сунушун эске алып, Төө-Моюн айылдык аймагында мектепке чейинки балдардын саны көп болгондугуна байланыштуу “Жасмин-Ай” балдар бакчасына кошумча тайпа ачуу максатында, Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамына жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” Мыйзамдарына ылайык Төө-Моюн айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Төө-Моюн айылдык аймагында мектепке чейинки балдардын саны көп болгондугуна байланыштуу “Жасмин-Ай” балдар бакчасына кошумча тайпа ачууга макулдук берилсин.

 

2. Балдар бакчасына кошумча бир тайпа ачууга кеткен чыгашалар: тамак-ашына, жылытуу системасына, электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоо, материалдык-техникалык базасын чыңдоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин. Ал эми, иштеген тарбиячылардын жана кызматкерлердин эмгек акысы республикалык бюджеттен суралсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар, спорт, социалдык коргоо, жалпыга маалымдоо каражаттары жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төө-Моюн айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Осмоналиев