Загрузка документа…
ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төө-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 21 сессиясы
2023-жылдын 24-марты № 21-5
«Найман» айылынын тургуну Олжобай кызы Толкунайдын уулу А.Турдумаматовго жергиликтүү бюджеттин эсебинен дарылануу үчүн материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Найман айылынын тургуну Олжобай кызы Толкунайдын жазган арызы, Найман айылынын айыл башчысы Г.Каюмовдун маалыматын угуп, чындыгында уулу Турдумаматов Абдулла оорулуу экендигин, тез-тез дарыланып жаткандыгын эске алып, дарылануусу үчүн акча каражат зарыл болуп жаткандыгынан, үй-бүлөсү материалдык жактан колдоого муктаж болуп турган учурда жергиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык жактан жардам берүү максатында Төө-Моюн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.«Найман» айылынын тургуну Олжобай кызы Толкунайдын уулу Турдумаматов Абдулланын дарылануусу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык жардам катары 20 (жыйырма) миң сом өлчөмүндө акча каражаты ажыратылсын.
2.Айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Ибрагимовго жергиликтүү бюджеттин тийиштүү беренелеринен жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын ажыратып берилишин камсыз кылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү милдети айылдык кеңештин бюджет, экономика, каржы маселелери, инвестиция, өнөр жай жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төө-Моюн айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Осмоналиев |