Загрузка документа…
ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төө-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 21 сессиясы
2023-жылдын 24-марты № 21-4
«Найман» айылынын тургуну Ж.Маматалиевага жергиликтүү бюджеттин эсебинен дарылануу үчүн материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Найман айылынын тургуну Маматалиева Жумагүл Мусалиевнанын жазган арызы, Найман айылынын айыл башчысы Г.Каюмовдун маалыматын угуп, медициналык корутундулар менен таанышып чыгып, чындыгында «Найман» айылынын тургуну, 1-топтогу майыбы Ж.Маматалиева Кызыл-Кыя шаарында тез-тез дарыланып жаткандыгын эске алып, дарылануусу үчүн акча каражат зарыл болуп жаткандыгынан, үй-бүлөсү материалдык жактан колдоого муктаж болуп турган учурда жергиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык жактан жардам берүү максатында айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.«Найман» айылынын тургуну Ж.Маматалиевага дарылануу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык жардам катары 20 (жыйырма) миң сом өлчөмүндө акча каражаты ажыратылсын.
2.Айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Ибрагимовго жергиликтүү бюджеттин тийиштүү беренелеринен жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын ажыратып берилишин камсыз кылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү милдети айылдык кеңештин бюджет, экономика, каржы маселелери, инвестиция, өнөр жай жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төө-Моюн айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Осмоналиев |