Редакцияот 29.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Төө-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 20 сессиясы

2023-жылдын 25-февралы № 20-2

Жеке-Мисте айылынын Достук кичи конушунун тургундарынын мечит куруу боюнча жазган арыздарын канааттандыруу максатында

(Төө-Моюн айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-ноябрындагы №29-1 токтомунун редакциясына ылайык)

Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңештин төрагасы А.Осмоналиевдин маалыматын, сөзгө чыккан депутаттардын сын-пикир, сунуштарын угуп жана Достук конушунун тургундарынын диний муктаждыктарын канааттандырууга шарт түзүү үчүн, салттуу таза диндин чектеринде руханий- адеп-ахлактык тарбиялоо багытында мечиттин ролу чоң экенин эске алып, Достук конушунун аймагынан Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги идентификациялык номери 5-02-06-1003-0596 номеринде катталган жер аянтынан мечит курууга ажыратып берүү максатында Төө-Моюн айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.Жеке-Мисте айылындагы Достук конушунун аймагынан Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги идентификациялык номери 5-02-06-1003-0596 номеринде катталган 38400,0 кв/м өлчөмүндөгү жер участогунан мечит курууга 0,07 га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

 

 2. Айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жолдошевке Жеке-Мисте айылынын Достук  конушунун аймагынан Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги идентификациялык номери 5-02-06-1003-0596 номеринде катталган жер участогуна мечит куруу үчүн жер ажыратууну архитектуралык, эстетикалык нормаларга жана укуктук ченемдик актыларына ылайык иш жүргүзүү жагы тапшырылсын.

 

3.Токтомду аткаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди көзөмөлдөп баруу милдети айылдык кеңештин айыл чарбасы, муниципалдык менчик, аймакты абат кылуу жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына (төрага Д.Галбаев) жүктөлсүн.

 

Төө-Моюн айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Осмоналиев