Редакцияот 19.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Төө-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 19 сессиясы

2023-жылдын 19-январы № 19-11

Ош токой чарбасынын Араван токой бөлүмүнүн Агарт, Ак-Тоо участкасындагы жайыт жерлерин пайдаланганы үчүн шарттуу мал башына төлөмдөрдүн өлчөмүн белгилөө жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Осмоновдун маалыматын угуп, жүздөгөн кой-эчки, ийри мүйүздүү мал ээлери койчу, малчы жалдап, токой чарба жерлерин мындан ары пайдалануунун келечегин ойлобой, Ош токой чарбасынын Араван токой бөлүмүнүн Агарт, Ак-Тоо участкасындагы жайыт жерлеринин деградацияга учурап жаткандыктан, айыл аймагында мыйзамдуу негизде корукталып тосулбаган, ыйгарым укуктуу орган тарабынан чек аралар такталып, токой чарба жерлери деп аныкталган жер аянттарынын өлчөмүнө ылайык токой чарба жерлеринин абалын мындан ары жакшыртуу, алардын натыйжалуу пайдаланууну жөнгө салуу максатында шарттуу мал башына төлөмдөрдү киргизүү жөнүндөгү сунушун, сөзгө чыккан токой чарба комитетинин мүчөлөрүнүн пикирлерин угуп чыгып Төө-Моюн айылдык аймагынын Төө-Моюн айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.   Агарт, Ак-Тоо участкасындагы токой чарба жерлеринде топ-тобу менен кезүүдө короосу менен койчу жалдап бош багып жүргөн мал башына:

- Ийри мүйүздүү малдарга                      - 100 сом

- Кой эчкилерге                                          - 20 сом

2.   Араван районунан башка райондордон келген мал жандыктарга эки эселеп башкача айтканда

- Ийри мүйүздүү малдарга                      - 200 сом

- Кой эчкилерге                                          - 40 сом

  өлчөмүндө төлөмдөр белгиленсин.

3.   Ички токой чарба жерлеринин төлөмдөрүн белгиленген мөөнөттөрүндө, өлчөмдөрүндө жыйналышы жана өз максаттарында сакталышы камсыз кылынсын.

4.   Ош токой чарбасынын Араван токой бөлүмүнүн мүчөлөрү аймактагы мал ээлерин ушул токтом менен тааныштыруу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.

5.   Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү милдети айылдык кеңештин бюджет, экономика, каржы маселелери, инвестиция, өнөр жай жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төө-Моюн айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Осмоналиев