Редакцияот 14.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Токмок шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы

2023-жылдын 14-августу № 140/25-5

Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 25-январындагы №112/21-5 “Токмок шаарынын 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууга макулдук берүү жөнүндө

Токмок шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 9-августундагы №1-22/2390, 8-августундагы №1-22/2388, №1-22/2380 кайрылууларынын жана 2023-жылдын 10-августундагы Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 105-беренесине ылайык, ошондой эле “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1.Бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууну жүргүзүү 1,2-тиркемелерге ылайык макулдук берилсин.

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.М.Сансызбаев