Загрузка документа…
ТҮГӨЛ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Түгөл-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 24-сессиясынын
2023-жылдын 15-августу № 43
Түгөл-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында “Түгөл-Суу ынтымагы” муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Респуликасынын 2022-жылдын 26-декабрындагы №713 Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун аймагында жайгашкан айыл аймактарында ирригацияны, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын күтүүнү, ошондой эле жайттарды башкарууну жана таштанды чыгарууну комплекстүү уюштуруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча токтомунун негизинде Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Түгөл-Суу ынтымагы” муниципалдык ишканасынын Уставын бекитип берүү боюнча сунуштарды угуп жана талкуулап, Түгөл-Сай айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Түгөл-Суу ынтымагы” муниципалдык ишкананы түзүү жөнүндө сунушу айылдык кеңештин депутаттары тарабынан жактырылып, макулдук берилсин.
2. Муниципалдык ишкананы түзүү, уставын бекитип, мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы, токтомдун аткарылышын камсыздоо Түгөл-Сай айыл өкмөт башчысы З.Баисовго тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономикалык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана өзүмө калтырамын.
Төрага | Ишенбек уулу Жолдошбек |