Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы
2023-жылдын 29-июну № 17-2
“Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун Типтүү тартибин бекитүү жөнүндөгү” Төөлөс айыл өкмөтүнүн башчысынын 2023-жылдын 27-июнундагы № 01-34/322 сандуу сунуш каты жөнүндө
Кызгыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине ылайык айыл өкмөтүнүн башчысынын жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча 2023-жылдын 27-июнундагы № 01-34/322 сандуу сунушун канаттандыруу максатында
Токтом кылат:
1. Төөлөс айыл өкмөтүнүн башчысынын 2023-жылдын 27-июнундагы № 01-34/322 сандуу сунушу канаттандырылып Төөлөс айыл өкмөтүнүн айыл аймагынын “Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун типтүү тартибин бекитүү” жөнүдөгү жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин
2. Бекитилген функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн милдеттердин уюштуруу жана милдеттерди аткаруу, токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Эшматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын жетекчилике алуу айылдык кеңештин “Мыйзамдулук мандат,этика,укук жана дин иштери “ боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы: |
З. Жороев |