ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы
2023-жылдын 29-июну № 17-4
Төөлөс айыл аймагынын борбордук “Баатырлар жана ардактуу ардагерлер” аллеясына эмгектин ардактуу ардагери Социалистик эмгектин баатыры маркум А.Сатыбалдыевдин эстелигин орнотуу жөнүндө
Айылдык коомчулуктун сунушун эске алып, эмгектин ардактуу ардагери Социалистик эмгектин баатыры маркум А. Сатыбалдыевдин жаркын элесин түбөлүк калтыруу максатында азыркы айыл өкмөтүнүн ар тараптан өнүгүсүнө кошкон эбегейсиз чоң салымын баалап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекетик администрациясынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндөгү 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 мыйзамынын 27-беренесин 13 пунктуна негиз
Токтом кылат:
1. Төөлөс айыл аймагынын борбордук “Баатырлар жана ардактуу ардагерлер” аллеясына эмгектин ардактуу ардагери Социалистик эмгектин баатыры маркум А. Сатыбалдыевдин эстелигин орнотууга макулдук берилсин
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу, керектелүүчү тийиштүү документтерди даярдап берүү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго жана айыл өкмөтүнүн жер адиси М. Бакировго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Мыйзамдуулук, мандат, укук жана дин иштери” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы : |
З. Жороев |