Загрузка документа…
ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы
2023-жылдын 21-июлу № 3
Шайдан айыл өкмөтүнүн 2023- жылга караты бекитилген бюджетинин 6 айлык киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын кароо жөнүндө
Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясында Шайдан айылдык кеңешинин бюджет, муниципалдык менчик, инвестицияларды тартуу, ишкерчилик иши жана тышкы эканомикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Шайдан айылдык кеңешинин бюджет, муниципалдык менчик, инвестицияларды тартуу, ишкерчилик иши жана тышкы эканомикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын 19.07.2023-жылдагы отурумунун протоколу эске алынсын.
2. Шайдан айыл өкмөтүнүн 2023- жылдын 6 ай ичинде Жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
3. Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн үнөмдөлгөн суммаларды эске алуу менен, 2023- жылдын бюджетине жана беренелер ичинде аткарылуучу иштерге карата өзгөртүүлөрдү киргизүү Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысыК. Еркуловко жана Финансы эканомика бөлүмүнүн башчысы Э. Джумабаевага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин бюджет, муниципалдык менчик инвестицияларды тартуу, ишкерчилик иши жана тышкы эканомикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(У. Чолпонов)
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Ж. Мисирова |