Редакцияот 21.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы

2023-жылдын 21-июлу № 5

Бакир- Уста көчөсүнүн тургундарынын 19.07.2023-жылдагы арызын кароо

Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясында Шайдан айылдык кеңешинин бюджет, муниципалдык менчик, инвестицияларды тартуу, ишкерчилик иши жана тышкы эканомикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

 

1.  Шайдан айылдык кеңешинин бюджет, муниципалдык менчик, инвестицияларды тартуу, ишкерчилик иши жана тышкы эканомикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын 19.07.2023-жылдагы отурумунун протоколу эске алынсын.

 

2.  Бакир-Уста көчөсүнүн арыктарын бетондоо үчүн Шайдан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 85000 (сексен беш миң) сом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акча каражатын ажыратып берүү жагы Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы К.Еркуловго милдеттендирилсин.

 

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин бюджет, каржы муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Чолпоновго милдеттендирилсин.

 

Шайдан айылдык

кеңешинин төрагасынын

орун басары

 

 

Ж. Мисирова