ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы
2023-жылдын 21-июлу № 9
Тоскоол айылынын тургуну Мавлянова Караматхандын 18.07.2023-жылдагы арызын кароо
Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясында Шайдан айылдык кеңешинин социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Шайдан айылдык кеңешинин социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 20.07.2023-жылдагы отурумунун протоколу эске алынсын.
2. Тоскоол айылынын тургуну Мавлянова Караматхандын 18.07.2023-жылдагы арызынын негизинде анын жолдошу Сайпидинов Момунжан 1-группадагы майып, сахарный диабет менен ооруп, анын дарылануусу үчүн Шайдан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 10000 (он миң) сом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акча каражатын ажыратып берүү жагы Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы К.Еркуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин бюджет, каржы муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Чолпоновго милдеттендирилсин.
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Ж. Мисирова |