Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Суу айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги 16-сессиясы
2022-жылдын 27-декабры № 114
Айыл чарба багытындагы жер салыгынын ордун толуктоо үчүн Республикалык бюджеттен максатуу трансферт аркылуу келген акча каражатын 2022-жылдын бюджетине кошумча пайдалануу жөнүндө
Айыл чарба багытындагы жер салыгынын ордун толуктоо үчүн Республикалык бюджеттен максатуу трансферт аркылуу келген 1016,1 мин сомду максатуу түрдө пайдалануу максатында, айыл өкмөтүнүн бул маселе боюнча берген сунушун ар тараптан карап чыгып, талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат.
1.Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетине Республикалык бюджеттен трансферт катары келип түшкөн 1016,1 миң сом акча каражаты төмөндөгү жумуштарга чыгымдалсын, Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин Жети-Өгүз райондук башкармалыгынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бекитилген бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөүгүн жогоруда көрсөтүлгөн 1016,1 миң сомго көбөйтүп берүү жагы суралсын (сметасы тиркелет).
№ | Иш чаралар | Функционалдык классификация | Элемент | Сумма, сом |
1 | “ЖКХ”бөлүмүндөгү ар кандай кошумча жумуштарды аткарууга | 70629 “ЖЧХ” | 22154900 | 796,0 |
2 | Орто мектептердин электр энергиясы боюнча карыздарын жабууга | 70921 “Орто мектеп” | 22311200 | 220,1 |
| Баардыгы |
|
| 1016,1 |
2.Айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эшмамбетовго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Казыбековго сессиянын токтомунун негизинде жогоруда аталган жумуштарды каржылоо жагы милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Иманалиевге жана айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эшмамбетовго тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы: |
Г Чыныбаева |