Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кызыл-Суу айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 16-сессиясы
2022-жылдын 27-декабры № 116
“Кызыл-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасынын таштандыга болгон тарифин бекитип берүү жөнүндө
“Кызыл-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Р.Кенебаевдин таштандыга болгон тарифин бекитип берүү жөнүндөгү сунушун угуп талкуулап, айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.”Кызыл-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Р.Кененбаевдин таштандыга болгон тарифин бекитип берүү жөнүндөгү сунушу эске алынсын.
2.Кызыл-Суу айыл аймагынын ичиндеги таштандыларды чыгаруу боюнча 2022-жылдын 20-декабрь айында өткөрүлгөн коомдук угуда (сельский сход) базар баасынын кескин жогоруулагандыгына байланыштуу эсептелип чыккан конкуляциянын негизинде Кызыл-Суу, Жалгыз-Өрүк, Кирпичный, Пристань, Кайнар айылдарынын тургундарынын көпчүлүк добушу менен ар бир кожолуктан 90 (токсон) сомдон бекитүү боюнча чечими бекитилсин.
3. Айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын 2020-жылдын 28-декабрь айындагы XIX-сессиясында таштандыларды чыгаруу боюнча ар бир кожолуктан 54 (элүү төрт) сомдон кабыл алынган № 251 токтому күчү жоготулсун деп эсептелсин.
3.Кызыл-Суу айыл аймагынын тургундарынан бекитилген тарифтердин негизинде акчаларды чогултуу жагы “Кызыл-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Р.Кененбаевге тапшырылсын.
4.Айыл аймагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөр таштандыга болгон төлөмдөн бошотулсун. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен жогорудагы категориядагы адамдарга субсидия берилсин. (Тизме тиркелет)
5.Кызыл-Суу айыл аймагындагы баардык юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин таштандыларды чыгаруу боюнча №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине жана айыл өкмөтүнун башчысы Р.Эшмамбетовго тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин төрайымы: |
Г.Чыныбаева |