Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Суу айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги 16-сессиясы
2022-жылдын 27-декабры № 119
Кызыл-Суу айыл аймагындагы Кара-Булун участогунда “Кызыл-Суу Агро-өнөр жай комплекси” муниципалдык ишкана ачуу жөнүндө
Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эшмамбетовдун, кайрылуусунун негизинде Кызыл-Суу айылдык кенешинин 2021-жылдын 30-март айындагы №273 токтомун ишке ашыруу максатында Кызыл-Суу айыл аймагындагы Кара-Булун участогунда “Кызыл-Суу Агро-өнөр жай комплекси” муниципалдык ишкана ачуу боюнча карап чыгып, талкуулап айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эшмамбетовдун, кайрылуусунун негизинде Кызыл-Суу айылдык кеңешинин 2021-жылдын 30-март айындагы №273 токтомун ишке ашыруу максатында Кызыл-Суу айыл аймагындагы Кара-Булун участогунда “Кызыл-Суу Агро-өнөр жай комплекси” муниципалдык ишкана ачуу боюнча билдирүүсү эске алынсын.
2. Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эшмамбетовдун, кайрылуусунун негизинде Кызыл-Суу айылдык кеңешинин 2021-жылдын 30-март айындагы №273 токтомун ишке ашыруу максатында Кызыл-Суу айыл аймагындагы Кара-Булун участогунда “Кызыл-Суу Агро-өнөр жай комплекси” муниципалдык ишкана түзүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысы Р.Эшмамбетовго милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрайымы |
Г. Чыныбаева |