Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шарк айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектеги XVII сессиясы
2023-жылдын 16-майы № 1
“Шарк айыл өкмөтүнүн 2023 жылдын 1 январына карата бош калган каражатын бекитүү жөнүндө”
Шарк айыл өкмөтүнүн 2023 жылдын 1 январына карата бош калган акча каражатын бекитүү жөнүндө маселе боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучусу Джураев Едгар билдирүү жасап, бул маселени айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча турукту комиссиясын отурумунда каралып айылдык Кеңештин талкуусуна коюп, алар тарабынан киргизилген өзгөртүүлөрдөн кийин, Шарк айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХVII- сессиясы
Токтом кылат:
1. 2023-жылдын 1-январына карата бош калган акча каражаттары 23199,6 миң сом жана чыгашалары менен 23199,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин жана төмөндөгү тармактарга жумшалсын:
1.1 Башкаруу аппарат кызматтарга – 355,0 миң сом;
1.2 Турак жай жана коммуналдык кызматтарга – 17974,6 миң сом;
1.3 Мектепке чейинки билим берүү уюмуна – 2580,0 миң сом;
1.4 Билим берүү тармагына – 2290,0 миң сом.
2. Айыл өкмөтүнүн атайын каражаттарды 2023 -жылдын 1-январына карата бош калган акча каражаттары 1734,4 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. Ал эми чыгаша жагы мектепке чейинки билим берүү тармагы тамак-аш статьясына 1724,4 миң сом эсебинен каржылануусу белгиленсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шарк айылдык кеңешинин төрагасы | С.Абзалов |
: