Редакцияот 31.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Шарк айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектеги XVIII сессиясы

2023-жылдын 31-майы № 3                                          

«Медресе айылынында Мамыров Абдулла көчөсүнө жарымына Нурмамат ажы Айдаралиевтин наамын берүү жөнүндө»

Кара-Суу районунун Шарк аймагынын Медресе айылынын Мамыров Абулла көчөсүнө жашоочуларынын кайрылуусунун негизинде, Шарк айыл өкмөтүнүн комиссиясынын 2023- жылдын 26 майдагы “Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары жөнүндө актын” эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008- жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобого ылайык Шарк айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХVIII сессиясы

 

Токтом кылат:

 

1. Медресе айылынын Мамыров Абдулла  көчөсүнө жарымына Нурмамат ажы Айдаралиевтин наамы ыйгарылсын;

1. Ушул токтомду тиешелүү мамлекеттик органдарда каттоо боюнча иштерин,  Шарк айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай-коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн;

2. Көчөлөрдү кайра атоо боюнча чыгымдар демилгечи тарапка жүктөлсүн;

3. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин социалдык коргоо жана маданий маселелер боюнча комитетине тапшырылсын.

 

Шарк айылдык кеңешинин төрагасы

С.Абзалов