Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кызыл-Суу айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 8-сессиясы
2022-жылдын 27-декабры № 120
Калктуу конуштардын ташдандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдардын 2023-жылга өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кызыл-Суу айылдык кеңешинин аймагында айылды көрктөндүрүү,көчөлөрдү ирээтке келтирүү максатында сессия токтом кылат :
1.Кызыл-Суу айыл өкмөтү боюнча калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн чогулуучу жыйымдан төмөндөгү кожолуктар бошотулсун:
а) Ата-Мекендик согуштун инвалиддери жана катышуучулары, Афганистанда, Таджикистанда кызмат кылгандар,ЧАЭС авариясына катышкандар,1-2 группанын
инвалиддери 229 кожолук
б)Пенсияга жашы жеткен эркектер жана аялдар 1389 кожолук
в)4-баладан өйдө болгон көп балалуу үй-бүлөлөр 122 кожолук
г)кварталдык комитеттеринин төрагалары 1 кожолук
д)жаны конуштар 59 кожолук
Баардыгы: 1800 кожолук
2. Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу жыйым 2023-жыл үчүн ар бир кожолукка 36 сомдон,Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан мекеме-ишканаларда иштеген ар бир адамдан 25 сомдон деп бекитилсин.
3. Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу жыйым,2022-жыл үчүн ар бир кожолукка 36 сомдон,Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан мекеме-ишканаларда иштеген ар бир адамдан 25 сомдон өзгөрүүсүз калсын.
4.Кызыл-Суу айыл өкмөтү боюнча калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу жыйымдын жалпы өлчөмү 2022-жыл үчүн 96595(Токсон алты мин беш жүз токсон беш ) сом өлчөмүндө бекитилсин.
5.Жыйымды чогултуу каражатты иштетүү жана учет,отчет иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы: |
Г.Чыныбаева |