Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Суу айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги 16-сессиясы
2022-жылдын 27-декабры № 121
Кызыл-Суу айыл аймагында мүлк салыгынын өлчөмү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин № 404-берене 4-пунктунда нарктык зоналардын чектери, ошондой эле 0.3 төн 2.0 чейинки өлчөмдөгү калктуу конуштун жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн мүлк салыгы 2022-жылдын 18 январындагы № 4 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык, 2023-жылдын 1-январь айынан тартып мүлк салыгы ишке киргизүү жагы жергиликтүү кеңештер тарабынан жүргүзүлө тургандыгын эске алып, Кызыл-Суу айылдык кеңешинин сессиясы
Токтом кылат:
1.2023-жылдын 1-январь айынын тартып Кызыл-Суу айыл аймагындагы мүлк салыгынын төмөндөгүдөй өлчөмү ишке киргизилсин.
2.2023-жылдын 1-январь айынан баштап айыл ичиндеги жерлер үчүн мүлк салыгы К3 1,2 коэфициент бекитилип, мүлк салыгы ошондой эле айыл чарба багытында эмес жерлер К3 1,2 коэфициент болуп бекитилсин.
- Ал эми кашарлар жана башка мал чарба обүектилери үчүн мүлк салыгы К3 1,0 коэфициенти менен жана калктуу конуштардын жерлери 1,0 коэфициент болуп бекитилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Эшмамбетовго тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы |
Г. Чыныбаева |