Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Суу айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги 16-сессиясы
2022-жылдын 27-декабры № 126
2023-жылы бекитилген жергиликтүү бюджетине 2022-жылдын аягында келип чыккан чыгашалардан кирешелерден ашык болуу суммасын 2023-жылда кошумча түрдө чыгымдоолордун сметасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 44-беренесинин 4-бөлүмүнө ылайык, кирешелерди ашыра аткаруунун жээ чыгашаларды үнөмдөөнүн натыйжасында жыл аягында келип чыккан чыгашалардан кирешелердин ашык болуу суммасын натыйжалуу пайдалануу максатында, айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2022-жылдын аягында келип чыккан чыгашалардан кирешелердин ашык болгон 1535,5 миң сомдук суммасы 2023-жылдын негизги бюджетине кошумча түрдө чыгымдоолордун сметасы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. “Арча” балдар бакчасынын атайын каражаттарынын 2022-жылдын аягында келип чыккан чыгашалардан кирешелердин ашык болгон 799,3 миң сомдук суммасы 2023-жылдын негизги бюджетине кошумча түрдө чыгымдоолордун сметасы №2 тиркемеси боюнча, “Наристе” балдар бакчасынын атайын акча каражаттарынын 2022-жылдын аягында келип чыккан чыгашалардан кирешелердин ашык болгон 278,9 миң сомдук суммасы 2023-жылдын негизги бюджетине кошумча түрдө чыгымдоолордун сметасы №3 тиркемеси боюнча бекитилсин.
3.Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эшмамбетовго жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатынын чыгымдоолору бекитилген смета боюнча иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин төрайымы |
Г.Чыныбаева |