Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Суу айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги 16-сессиясы
2022-жылдын 27-декабры № 136
Кызыл-Суу айыл аймагындагы Кара-Булун участогунда “Кызыл-Суу Агро-өнөр жай комплекси” муниципалдык ишканасына курулмаларды куруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13 беренесинини, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 13-ноябрындагы “Жер тилкелерин багытын өзгөртүү (трансформациялоо) мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” №3 Мыйзамынын 1-беренесинин жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы “Жер тилкелеринин багытын өзгөртүү боюнча (трансформациялоо) жөнүндө” №169 токтомунун негизинде айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.Кызыл-Суу айыл өкмөтүнө ачылган Кара-Булун участогундагы “Кызыл-Суу Агро-Өнөр жай комплекси” муниципалдык ишканасына бекитилген 225 га жер аянтына көп жылдык мөмө-жемиш багын отургузуу каралган, айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эшмамбетовдун кайрылуусунун негизинде 225 га жайыт жерлердин алкагынан 20 га жер аянтына “Агро-Өнөр жай комплекси” муниципалдык ишканасына жер төлөө жана административдик курулмалар насос орноту, техникаларды жайгаштырууга гараж куруу боюнча жайыт багытындагы жер тилкелеринен 20 га жер аянтына курулмаларды курууга бөлүп берилсин. (чиймеси тиркелет).
2. Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн жер пайдалануу картасындагы №177 контурдагы 50,8 га, жер аянтынын алкагынан 5 га, №201 контурдагы 45,7 га жер аянтынын алкагынан 5 га, №.207 контурдагы 59,5 га жер аянтынын алкагынан 5 га, №203 контурдагы 68,5 га жер аянтынын алкагынан 5 га баардыгы болуп 20 га жер аянтын “Жайыт багытынан “өнөр жай жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” багыттына которуу жагы Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3.Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы “Жер тилкелеринин багыттын өзгөртүү боюнча (трансформациялоо) жөнүндө” №169 токтомунун жана бекитилген Жобонун негизинде иш кагаздарын даярдап, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясына өткөрүү айыл өкмөтүнүн жер адисине милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эшмамбетовго тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы |
Г. Чыныбаева |