Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кызыл-Суу айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 17-сессиясы
2023-жылдын 31-январы № 143
Кызыл-Суу айыл аймагына караштуу муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин сатуу жөнүндө
Кызыл-Суу айыл аймагына караштуу муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин сатуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 571 токтому менен бекитилген жобонун негизинде жана айыл өкмөтүнүн 2023-жылы 25-январь айында №11 буйругу менен түзүлгөн жерге укукту берүү боюнча комиссиянын сунушун карап чыгып, талкуулап айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.Кызыл-Суу айыл аймагына караштуу муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин сатуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 571 токтому менен бекитилген жобонун негизинде жана айыл өкмөтүнүн 2023-жылы 25-январь айында №11 буйругу менен түзүлгөн жерге укукту берүү боюнча комиссиянын сунушун эске алынсын.
2.Кызыл-Суу айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык менчикте турган МСО жаны конушундагы 600,0 чарчы метр идентификациялык номери 2-02-10-1001-4474 менен катталган жер тилкеси Асанов Асылбек Кыштобаевичге жана Байгаджоев көчөсүндө жайгашкан 35,0 чарчы метр идентификациялык номери 02-10-1001-4475 менен катталган жер тилкеси Өмүрбеков Нурсултанга түз сатуу жолу менен берүүгө уруксаат берилсин.
3. Муниципалдык менчикте турган жер тилкелери жерге укуктуу берүүчү комиссиянын чечиминин негизинде жогорудагы сатылчу жер тилкелеринин иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер маселелер боюнча башкы адиси Н.Бакчиевге тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысы Р.Эшмамбетовго милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин төрайымы: |
Г.Чыныбаева |