Редакцияот 31.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Суу айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы

2023-жылдын 31-январы № 144

Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылга айылдын-социалдык экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө

Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн 2023 жылга айылдын социалдык экономикалык өнүгүү программасы жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Р Эшмамбетовдун сунушун карап чыгып, талкуулап, Кызыл-Суу айылдык кеңешинин 17-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ.

 

1 Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн 2023 жылга айылдын социалдык экономикалык өнүгүү программасы жактырылсын.(Программа тиркелет)

 

2.Айыл аймагында 2023-жылга коюлган айылдын социалдык экономикалык көрсөткүчтөрүн толук аткарууга жетишүү,өндүрүш ишканалары менен бирдикте жаны жумушчу орундарды түзүү, жергиликтүү бюджетти сарамжалдуу пайдалануу,инвестиция,проектилерди тартуу,жыл ичинде пландалган курулуш иштерин бүткөрүү, ,айылдагы таза суу,саркынды суу боюнча иштерин тездетүү,калктын аярлуу катмары менен иштерди жандандыруу,айылдын ичиндеги көчөлөрдү кабыл алынган ген пландын негизинде архитектуралык талаптарга ылайык тартипке келтирүү,дыйкандарга жакындан жардам берүү максатында ички суу каналдарды ирээтке келтирүү ,муниципалдык ишканалардын иштерине көзөмөл кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р Эшмамбетовка милдетендирилсин.

 

  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет жана финансы жана агрардык социалдык маселелер боюнча турукту комиссияларына,айыл өкмөт башчысы Р Эшмамбетовка тапшырылсын.

 

Айылдык

кеңештин төрайымы :

 

Г Чыныбаева