Редакцияот 31.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Эл депутаттарынын Кызыл-Суу айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 17-сессиясы

2023-жылдын 31-январы № 148

Жайыт комитетинин 2022-жылга жайыт акысын жана мал багуу боюнча бааларын бекит жөнүндө

Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн коомдук угууда малчылардын жана тургундардын жайыт акысы жана мал багуу боюнча бааларды бекитүүдө ой-пикирлерин карап чыгып, талкуулап, айылдык кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ.

 

1.Малчылардын 2023-жылга жайыт акысына төлөнүүчү акысы төмөндөгүдөй бекитилсин.

а) Уй багууга жайыт пайдалангандыгы үчүн

-60 сом

б) Жылкы багууга жайыт пайдалангандыгы үчүн

-60 сом

в) Кой, эчки багууга жайыт пайдалангандыгы үчүн

-12 сом

г) Бадага жайыт пайдалангандыгы үчүн

-60 сом

 

2.Малчылардын 1 айга элден алынуучу эмгек акысы төмөндөгүдөй бекитилсин.

 

а) Уй баккан акы үчүн

-400 сом

б) Жылкы баккан акы үчүн

-400 сом

в) Кой, эчки баккан акы үчүн

-70 сом

г) Элдин уйларын баккан бадага

-400 сом

 

3.Малчылар 2023-жылдын 1-апрель айынан баштап жакынкы жайлоолорго көчүрүлсүн. Кашарларда эки баш саан уй, бир баш жылкыдан ашык мал калтырылбасын. Кой, эчкилер купкага салынгандан кийин алыскы Сырт өрөөнүнө 15-июль айына чейин көчүрүлсүн.

 

4.Токтомдун 3-бөлүмүнүн талаптарын аткарбаган КР жарандарына КР “Бузуулар жөнүндөгү Кодексине ылайык айып пул салуу жана алар боюнча иш алып баруу жагы Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн алдындагы бузуулар комиссиясынан суралсын.

 

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар комитетинин төрагасы М. Маданбековго тапшырылсын.

 

Айылдык

кеңешинин төрайымы:

 

Г.Чыныбаева