Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Суу айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз 19-сессиясы
2023-жылдын 16-марты № 166
Жети-Өгүз райондук Прокуратура органынын кызматкерлерине кызматтык турак жай курууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Жети-Өгүз райондук Кызыл-Суу айылындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги Д.Токтомушев атындагы спорт комплексининин түндүк жагынан 2000,0 чарчы метр жер тилкесин райондук Прокуратура органынын кызматкерлерине кызматтык турак жай куруу боюнча Прокуратурасынын 2023-жылдын 17-январь айындагы №13-36 кайрылуусун карап чыгып, талкуулап айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Суу айыл өкмөтүнө тиешелүү муниципалдык менчигинде турган Д.Токтомушев атындагы спорт комплексининин түндүк жагынан Жети-Өгүз райондук Прокуратура органынын кызматкерлерине кызматтык турак жай курууга 2000,0 чарчы метр жер тилкеси бөлүнүп берилсин. (кайрылуусу тиркелет).
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнн башчысы Р.Эшмамбетовго тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы: |
Г Чыныбаева |