Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Суу айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз 19-сессиясы
2023-жылдын 16-марты № 170
Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерин натыйжалуу пайдалануу жөнүндө
Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин натыйжалуу пайдалануу максатында мурунку жылдары түзүлгөн ижарага алган ижарачылар менен тактоо боюнча жүргүзүүп жаткан иштер жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Джакешовдун билдирүүсүн карап чыгып, талкуулап айылдык кеңешинин сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин натыйжалуу пайдалануу максатында мурунку жылдары түзүлгөн ижарага алган ижарачылар менен тактоо боюнча жүргүзүүп жаткан иштер жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Джакешовдун билдирүүсү эске алынсын.
2.Жерди пайдалануу боюнча ижарга алган ижарачылар менен тактоо боюнча берилген кабарлоого карабастан келбей койгон ижарачыларга кайрадан кабарлоо жиберүү келбей койгон учурда бир тараптуу келишимдерди жокко чыгаруу боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Джакешовго жүктөлсүн.
3. Кайра бөлүштүрүү фондусунун ижара мөөнөтү бүткөн жер тикелерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын ылайык конкурстук негизде өткөрүнү айылдык кеңешинин сессиясы токтому менен бекитилген жер комиссиясына сунуштоо жана өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эшмамбетовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эшмамбетовго тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы: |
Г Чыныбаева |