Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Кызыл-Суу айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз 20-сессиясы
2023-жылдын 23-марты № 172
“Хельветас Кыргызстан” чет өлкөлүк уюму тарабынан бериле турган акча каражатын 2023-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин чыгымдоолоруна кошумча бекитип берүү жөнүндө
“Муниципалитеттер аралык кызмат көрсөтүү” боюнча долбоордун алкагында “Хельветас” Кыргызстан чет өлкөлүк уюму тарабынан Дараметти жогорулатуу грант катары бериле турган 49400 (кырк тогуз миң төрт жүз) сомду туура пайдалануу максатында айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. “Муниципалитеттер аралык кызмат көрсөтүү” боюнча долбоордун алкагында “Хелветас” Кыргызстан чет өлкөлүк уюму тарабынан Дараметти жогорулатуучу грант катары бериле турган 49400 (кырк тогуз миң төрт жүз) сом акча каражаты жергиликтүү денгээлде ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө, кызматтарды сатып алууга жумшалсын.
2.Райондук финансы башкармалыгынан “Хельветас” Кыргызстан чет өлкөлүк уюму тарабынан бериле турган 49400 (кырк тогуз миң төрт жүз) сом акча каражатын 2023-жылга бекитилген айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгымдар бөлүгүнө кошумча бекитип берүүсү суралсын.
3.Айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эшмамбетовго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Казыбековго жогоруда көрсөтүлгөн 49400 (кырк тогуз миң төрт жүз) сом акча каражатын сессиянын токтомунда көрсөтүлгөн максаттарга чыгымдоо жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Иманалиевге жана айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Эшмамбетовго тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин төрайымы: |
Г.Чыныбаева |