АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезектеги X сессиясы
2023-жылдын 28-апрели № 52
Ак-Жар айыл аймагынын көрктөндүрүү тазалыкты сактоо эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жөнүндө” Жарлыгынын жоболорун жана 09.06.2022-ж. № 305 УЖ “2023-2025-жылдарга тиричилик калдыктарын башкаруунун натыйжалуу инфраструктурасын түзүү” боюнча иш-чаралардын планын ишке ашыруу максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине ылайык Ак-Жар айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл аймагынын аймагын көрктөндүрүү, тазалыкты сактоо эрежелери (мындан ары - эреже) тиркемеге ылайык бекитилсин.( тиркеме тиркелет 13 барак)
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы Максутов Кылычбек Замирович:
1) Ак-Жар айыл аймагында жогоруда көрсөтүлгөн эрежелердин аткарылышын камсыз кылсын,
2) Жарандардын катуу тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу боюнча келишимдерди түзүү жана тарифтерди өз убагында төлөө боюнча милдеттери жөнүндө эрежелердин талаптарына ылайык Ак-Жар айыл аймагында катталган жана жашаган жарандардын тизмесинин негизинде абоненттик база иштеп чыгарылсын.
3. Ушул Ак-Жар айылдык кеңешинин 2023-жылдын, 28-апрелиндеги № 52 токтому Ош облустук юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Жар айылдык кеңешинин “социалдык маселелер жана билим берүү боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Турдали у. К. |