Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезектеги X сессиясы
2023-жылдын 28-апрели № 53
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2023- жылга карата бюджети жөнүндө
Ак-Жар айылдык кеңеши жайыт комитетинин төрагасы О.Карабашевдин 2023-жылга карата малдын санына, жайыт аянтынын арендалары ж.б. техникалык кызмат көрсөтүү боюнча каражаттарынын негизинде пландаштырылган бюджети боюнча маалыматын угуп талкуулап
Токтом кылат.
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бюджети айыл өкмөттүн аймагындагы малдарга жайыт акысы мыйзамда белгиленген кой- эчкиге 30 сом, сырттан алынып келингенге 60 сом,шарттуу малга 5х30 =150 сом,сырттан алынып келингенге 300сом өлчөмүндө белгиленсин. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалангандар үчүн ар бир сотых жерге Ак-Жар айыл өкмөтүнүн тургундарына 150 сомдон жана башка айыл өкмөттүн тургундарына 200 сомдон жайыт акы төлөнсүн. Өзгөн токой чарбасы жана “Кара-Шоро Улуттук Паркы” жайыттарына Ак-Жар жайыт пайдалануучулары келишимдин негизинде чыгып,Ак-Жар айыл өкмөтүнүн жайыттарын келишимсиз кошо пайдалангандыгына байланыштуу жайыт төлөмдөрүнүн 50 пайызы Ак-Жар жайыт комитетинин эсебине төгүлсүн. Калган жер аянттарын пайдалануу (жер салыгы, аренда акы, келишим) жана техникалык кызмат көрсөтүүлөрдүн (хронометраждын негизинде ) жыйындысынан түзүлсүн.
2. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2023-жылга пландаштырылган бюджети 1200,0 (бир миллион эки жүз) миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын козомолдоо айылдык кеңештин, “Айыл чарбачылыгы боюнча “ туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Турдали у.К |