Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2023-жылдын 28-апрели № 54
Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Семиз-Көл айылынын тургундарын таза суу менен камсыздоо жөнүндө
Ак-Жар айылдык кеңеши Семиз-Көл айылынын 2023-жылдын 15-апрелиндеги жалпы элдик жыйынынын протоколун, сунушун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Семиз-Көл айылынын айыл чарба багытындагы 557'- контурунан таза сууга суу кампа куруу максатында 1га жер аянты бөлүнүп берилүүсүнө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы К.Максутовго сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Жар айылдык кеңешинин “социалдык маселелер, жана билим берүү боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Турдали у. К. |