АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2023-жылдын 28-апрели № 56
Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Какыр айылына жаңы мектеп курууга жер тилкесин берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ак-Жар айылдык кеңеши Какыр айылында жаңы мектеп куруу суроо талабын иш жүзүно ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесине ылайык маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Какыр айылында 500 орунду жаңы мектеп курууга №87- контурунан 2,25 га жер тилкесин бөлүнүп берилүүсүнө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы К.Максутовго сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Жар айылдык кеңешинин “социалдык маселелер, жана билим берүү боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Турдали у. К. |