АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2023-жылдын 28-апрели № 58
Ак-Жар айыл өкмөтүндө малды идентификациялоо жана эмдөө үчүн раскол куруу жөнүндө
Ак-Жар айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу жана жайыт мыйзамдарына ылайык Ак-Жар,Какыр айылдарынын кара малдарын жана майда жандыктарын идентификациялоо (малга бирка тагуу, жылкыга чип салуу) жана ар кандай жугуштуу ылаңдардан эмдөө үчүн Ак-Жар айыл өкмөтүнүн мал чарба адиси А.Турдуманбетовтун сунушун угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Ак-Жар айылынын ички жайыт багытындагы № 246 контурунан раскол курууга 0,10 га жер аянты бөлүнүп берилүүсүнө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы К.Максутовго сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын козомолдоо айылдык кеңештин “Айыл чарбачылыгы боюнча “ туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Турдали у.К. |