Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2023-жылдын 28-апрели № 59
Большевик айылында муниципалдык логистикалык борбор куруу жөнүндө
Ак-Жар айылдык кеңеши “Большевик багбандар биримдигинин" жетекчиси ишкер М.Култаевтин Большевик айылында мөмө жемиштерди сактоо боюнча логистикалык борбор куруу жөнүндөгү кайрылуусунун негизинде Ак-Жар айыл өкмөт башчысы К.Максутовтун айыл өкмөттүн социялдык–экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө болусу үчүн жергиликтүү бюджетке кошумча салыктарды түшүрүү жана дыйкандарга шарт түзүү,элди жумуш ордундары менен камсыз кылуу максатында Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Большевик айылында муниципалдык логистикалык борборду куруу үчүн 0,40 га жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндөгу билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылын түштүк тарабындагы № 219- № 221 - контурунан муниципалдык логистикалык борбор куруу үчүн 0,40 га жер тилкенсин ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Жер тилкесин ажыратып берүү жана курулуш иштерин жүргүзүүгө тиешелүү иш кагаздарын Мыйзам талаптарына ылайык даярдоо айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3..Токтомдун аткарылышын козомолдоо айылдык кеңештин “Айыл чарбачылыгы боюнча “ туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Турдали улуу К |