Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезектеги X сессиясы
2023-жылдын 28-апрели № 63
Ак-Жар айылынын тургуну С.Жаныбаеванын арызы жөнүндө
Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги Х сессиясынын отурумунда киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып Ак-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айылынын тургуну С. Жаныбаеванын арызынын негизинде А.Ташбаев көчөсүнүн тургуну С Жаныбаеванын үйүнө “Токтосун Ата” бала бакчасын ачууга уруксат берилсин.
2. Жеке турак жай ээлеген жалпы аянты 800,0 кв м. жер тилкенин максаттык багыты жана турак-жайдын максаттык багыты бала бакчага өзгөртүлсүн.
3. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине бала бакчаны камсыздоо үчүн кетирүүчү чыгымдарды эсептеп чыгып, айыл өкмөтүнүн бюджетине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы жана бюджетти бөлүштүрүү жагы Ак-Жар айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмдө калтырамын.
Төрага | Турдали у. К. |