Загрузка документа…
КР 2008-жылдын 5-апрелиндеги № 50 Мыйзамы менен ратификацияланган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа Шериктештигинин ортосундагы аба катнашынын айрым жагдайлары боюнча МАКУЛДАШУУ
Брюссель шаары, 2007-жылдын 1-июну
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
бир тараптан
жана
ЕВРОПА ШЕРИКТЕШТИГИ
экинчи тараптан
мындан ары "Тараптар" деп аталышат
Европа Шериктештигине мүчө бир нече мамлекет менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы аба катнашы жөнүндө мурда түзүлгөн зки тараптуу макулдашууларда Европа Шериктештигинин мыйзамдарына каршы келген жоболор бар экенин белгилешип,
Европа Шериктештигине мүчө мамлекеттер менен үчүнчү өлкөлөрдүн ортосундагы аба катнашы жөнүндө макулдашууларга киргизилиши мүмкүн болгон айрым жагдайларга карата Европа Шериктештиги өзгөчө компетенцияга ээ экендигин белгилешип,
Европа Шериктештигинин мыйзамдарына ылайык, ага мүчө мамлекетте ачылган авиакомпаниялар Европа Шериктештигине мүчө мамлекеттер менен үчүнчү өлкөлөрдүн арасындагы аба линияларына чектелбестен чыгууга укуктуу экендигин белгилешип,
Европа Шериктештиги менен айрым үчүнчү өлкөлөрдүн ортосундагы макулдашууларда андай үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары үчүн Европа Шериктешгинин мыйзамдарына ылайык лицензияланчу авиакомпанияларда менчик укугун алуу мүмкүндүгү каралганына көңүл бурушуп,
Европа Шериктештигине мүчө мамлекеттер менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы аба катнашы жөнүндө эки тараптуу макулдашуулардын Европа Шериктештигинин мыйзамдарына каршы келген айрым жоболору Европа Шериктештиги менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы аба катнаштары үчүн ишеничтүү укуктук негиз түзүү, андай аба катнаштарынын үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо үчүн аларга ылайык келтирилүүгө тийиштик фактысын таанышып,
Европа Шериктештигине мүчө мамлекеттер менен Кыргыз Республикасынын ортосунда түзүлгөн аба катнашы жөнүндө эки тараптуу макулдашуулардын айрым жоболору
(i) компаниялардын ортосундагы тийиштүү маршруттарда авиаташуучулар арасындагы атаандаштыкка тоскоолдук кылуучу же чектеген макулдашууларды, компаниялардын ассоциацияларынын чечимдерин же жалпы кабыл алынган практиканы колдонууну талап кыларын же мүмкүндүк берерин; же
(ii) андай макулдашуулардын, чечимдердин же жалпы кабыл алынган практиканын күчүн арттырарын; же
(iii) авиакомпанияларга же экономикалык субъекттерге тийиштүү маршруттарда авиаташуучулар арасындагы атаандаштыкка тоскоолдук кылуучу андай чара көргөндүк үчүн жоопкерчилик саларын, авиакомпанияларга карата колдонулчу атаандаштык эрежелеринин күчүн жокко чыгарарлык фактысын таанышып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-статья. Жалпы жоболор
1. Бул Макулдашуунун максаты үчүн "Мүчө мамлекеттер" деген термин Европа Шериктештигине мүчө мамлекеттерди билдирет.
2. I-тиркемеде Европа Шериктештигине Мүчө, ушул Макулдашуунун тарабы болгон мамлекеттин жарандарына карата саналган шилтемелер Европа Шериктештигине Мүчө мамлекеттердин жарандарына карата шилтеме катары түшүнүлөт.
3. I-тиркемеде саналган макулдашуулардын ар бириндеги ушул Макулдашуунун тарабы болгон Мүчө мамлекеттин авиаташуучуларына же авиакомпаниясына карата шилтемелер ошол Мүчө мамлекет дайындаган авиаташуучуларга же авиаташуучуларга карата шилтеме катары түшүнүлөт.
4. Эксплуатациялык укуктарды берүү мурдатан бар же болуучу эки тараптуу макулдашууларга ылайык ишке ашырылат.
2-статья. Мүчө мамлекеттин дайындашы
1. Ушул статьянын 2 жана 3-пункттарынын жоболору II-тиркемеде (а) жана (b) саналган статьялардын тийиштүү жоболорун тийиштүү Мүчө мамлекет дайындаган авиакомпанияга, анын ыйгарым укуктарына жана Кыргыз Республикасы берген укуктарга жана уруксаттарга, ошондой эле авиакомпанияга ыйгарым укук, уруксат берүүдөн баш тартууга, анын ыйгарым укуктарын же уруксаттарын кайра алууга, убактылуу токтотууга же чектөөгө карата алмаштырылат.
2. Мүчө мамлекеттен дайындоо алгандан кийин Кыргыз Республикасы төмөнкүдөй шарттар болгон учурда тийиштүү ыйгарым укуктарды жана уруксаттарды берет, алар:
(i) авиакомпания Европа Шериктештигин түзүү жөнүндө Макулдашууга ылайык дайындоочу Мүчө мамлекеттин аймагында түзүлгөн жана Европа Шериктештигинин мыйзамдарына ылайык эксплуатацияга жарактуу лицензиясы бар;
(ii) Эксплуатанттын сертификатын берүүгө жооптуу Мүчө мамлекет авиакомпанияга такай натыйжалуу контроль жасап турат, ошондой эле дайындоодо тийиштүү авиациялык орган так аныкталган; жана
(iii) авиакомпания Мүчө мамлекеттерге түз же Мүчө мамлекеттин жарандарына жана/же III-тиркемеде саналган башка мамлекеттерге, жана/же ушул сыяктуу башка мамлекеттердин жарандарына акциялардын контролдук пакети аркылуу таандык, жана ал мамлекеттер жана/же андай жарандар ага такай контролдук кылып турушат.
3. Кыргыз Республикасы төмөнкүдөй шарттар болсо Мүчө мамлекеттин дайындалган авиакомпаниясына берилген ыйгарым укуктарды же уруксаттарды чектеп коюуга укуктуу, эгерде:
(i) авиакомпания Европа Шериктештигин түзүү жөнүндө Макулдашууга ылайык Мүчө мамлекеттин аймагында ачылган эмес же Европа Шериктештигинин мыйзамдарына ылайык эксплуатацияга жарактуу лицензиясы жок;
(ii) Эксплуататтын лицензиясын берүү үчүн жооптуу Мүчө мамлекет авиакомпанияга натыйжалуу туруктуу контроль жасабайт жана контролго албайт, ошондой эле дайындоодо тийиштүү авиациялык орган так аныкталган эмес; же
(iii) авиакомпания Мүчө мамлекеттерге түз же Мүчө мамлекеттин жарандарына жана/же III-тиркемеде саналган башка мамлекеттерге, жана/же ушул сыяктуу башка мамлекеттердин жарандарына түз же акциялардын контролдук пакети аркылуу таандык эмес.
Кыргыз Республикасы ушул пунктка ылайык өз укугун ишке ашырууда Шериктештиктин авиакомпанияларын жарандык тиешеси боюнча кысымга албоого тийиш.
3-статья. Коопсуздук
1. Ушул статьянын 2-пунктунун жоболору II (с) тиркемеде саналган статьялардын тийиштүү жоболорун толуктап турушат.
2. Эгер Мүчө мамлекет башка Мүчө мамлекет такай контролго алуучу же контролду башка Мүчө мамлекет жасап туруучу авиакомпанияны дайындаса, Кыргыз Республикасынын авиакомпанияны дайындаган Мүчө мамлекет менен макулдашуусундагы коопсуздук боюнча жоболорго ылайык ошондой башка Мүчө мамлекеттин андай авиакомпаниянын ишине уруксатка карата учуулардын коопсуздугу боюнча чараларды көрүшүнө, ишке ашырышына же колдоосуна карата бирдей шартта колдонулууга тийиш.
4-статья. Авиациялык отунга салык салуу
1. Ушул статьянын 2-пунктунун жоболору II (d) тиркемеде саналган статьялардын тийиштүү жоболорун толуктап турушат.
2. Башкача нерсени шарттаган башка бир жоболорго карабастан, II (d) тиркемеде саналган макулдашууларда эч бир нерсе ошол Мүчө мамлекеттин аймагындагы бир пункттан экинчи пунктка же башка Мүчө мамлекеттин аймагындагы пунктка учуучу Кыргыз Республикасынын дайындалган авиакомпаниясынын аба кемесин пайдалануу үчүн салыктарды, төлөмдөрдү, пошлиналарды, жыйымдарды же өз аймагында берүүчү отун үчүн акыны дискриминациясыз негизде ачууга тоскоол болууга тийиш эмес.
5-статья. Европа Шериктештигинин чегинде ташууларга тарифтер
1. Ушул статьянын 2-пунктунун жоболору II (е) тиркемеде саналган статьялардын тийиштүү жоболорун толуктап турушат.
2. Кыргыз Республикасы дайындалган авиакомпания (авиакомпаниялар) I-тиркемеде көрсөтүлгөн, II (е) тиркемеде ташуулар үчүн көрсөтүлгөн жобону камтыган макулдашууга ылайык белгилечү тарифтер Европа Шериктештигинин чегинде толугу менен Европа Шериктештигинин мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш.
6-статья. Атаандаштыктын эрежелерине ылайык келүү
1. Башкача нерсени шарттаган башка бир жоболорго карабастан, I-тиркемеде саналган макулдашууларда эч бир нерсе:
(i) компаниялардын ортосундагы атаандаштыкка тоскоолдук кылуучу же чектеген макулдашуулар, ассоциациялардын же компаниялардын ошондой чечимдери кабыл алынышына шарт түзбөйт;
(ii) андай макулдашуулардын, чечимдердин же жалпы кабыл алынган практиканын күчүн арттырбайт;
(iii) авиакомпанияларга же экономикалык субъекттерге атаандаштыкка тоскоолдук кылуучу андай чара көргөндүк үчүн жоопкерчиликти өткөрүп бербейт.
2. I-тиркемеде саналган макулдашуулардын ушул статьянын 1-пунктуна ылайык келтирилбеген жоболору колдонулбайт.
7-статья. Макулдашууга Тиркемелер
Бул Макулдашууга тиркемелер Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болушат.
8-статья. Кайра кароо же оңдоолорду киргизүү
Тараптар өз ара макулдашуу боюнча кайсы учурда болбосун бул Макулдашууну кайра карай же оңдоолорду киргизе алышат.
9-статья. Күчүнө кирүү жана убактылуу колдонулуу
1. Бул Макулдашуу, Тараптар анын күчүнө киришине керектүү тийиштүү ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө бири бирине жазуу жүзүндө билдирген учурдан баштап күчүнө кирет.
2. 1-пунктка карабастан Тараптар бул Макулдашуунун керектүү жол-жоболору аткарылганы жөнүндө бири бирине билдиришкен күндөн кийинки айдын биринчи күнүнөн баштап бул Макулдашууну убактылуу колдонууга макул.
3. Бул Макулдашуу Мүчө мамлекеттер менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы, I-тиркемеде саналган, бул Макулдашуу кол коюлган күнгө карата күчүнө кире элек бардык Макулдашууларга жана келишимдерге карата алар күчтөрүнө киргенге жана убактылуу колдонулганга чейин колдонулат.
10-статья. Токтотуу
1. Эгер I-тиркемеде көрсөтүлгөн Макулдашуу токтотулса, анда бул Макулдашуунун I-тиркемеде көрсөтүлгөн макулдашууга тиешелүү бардык жоболору ошону менен бир учурда жарактуулугун токтотушат.
2. Эгер I-тиркемеде саналган бардык макулдашуулар токтотулса, анда бул Макулдашуу да ошону менен бир учурда жарактуулугун токтотот.
Ушуну ырасташып, төмөндөгү тийиштүү ыйгарым укуктуулар бул Макулдашууга кол коюшту.
Брюссель шаарында 2007-жылдын 01-июнунда чех, дания, голланд, англис, эстон, фин, француз, немец, грек, венгер, италия, латвия, литва, мальти, поляк, португалия, словак, словен, испан, швед, орус жана кыргыз тилдериндеги эки түп нускада түзүлдү.
|
| I-тиркеме |
Ушул Макулдашууга кол коюлган күнгө карата Кыргыз Республикасы менен Европа Шериктештигине Мүчө мамлекеттердин ортосунда түзүлүүгө, кол коюлууга жана/же убактылуу колдонулууга тийиш болгон Аба катнашы жөнүндө макулдашуулардын тизмеси:
- Австриянын Федералдык Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 1998-жылдын 17-мартында Вена шаарында кол коюлган Аба транспорту жөнүндө макулдашуу, мындан ары II-тиркемеде "Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы Макулдашуу" деп аталат;
- Чехия Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2004-жылдын 29-апрелинде Прага шаарында кол коюлган аба катнашы жөнүндө макулдашуу, мындан ары II-тиркемеде "Кыргызстан менен Чехия Республикасынын ортосундагы Макулдашуу" деп аталат;
- Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 1997-жылдын 13-майында Бишкек шаарында кол коюлган Аба катнашын орнотуу жөнүндө макулдашуу, мындан ары II-тир- кемеде "Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы Макулдашуу" деп аталат;
- Греция Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2004-жылдын 1-ноябрында Афины шаарында кол коюлган Аба катнашы жөнүндө макулдашуу, мындан ары II-тиркемеде "Кыргызстан менен Грециянын ортосундагы Макулдашуу" деп аталат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Словакия Республикасынын Өкмөтү ортосунда 2006-жылдын 27-сентябрында Бишкек шаарында парафирделген Аба катнашы жөнүндө макулдашуу, мындан ары II-тиркемеде "Кыргызстан менен Словакия ортосундагы Макулдашуу" деп аталат;
- Улуу Британиянын Бириккен Королдугунун Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 1994-жылдын 8-декабрында Лондон шаарында кол коюлган Аба катнашы жөнүндө макулдашуу, мындан ары II-тирке- меде "Кыргызстан менен Бириккен Королдуктун ортосундагы Макулдашуу" деп аталат.
2003-жылдын 2-сентябрында Лондон шаарында кол коюлган Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга акыркы өзгөртүүлөр киргизилген, мындан ары "Кыргызстан менен Бириккен Королдуктун ортосундагы Макулдашуу" деп аталат.
|
| II-тиркеме |
I-тиркемеде саналган макулдашуулардагы статьялардын тизмеси, аларга ушул Макулдашуунун 2-5-статьяларында шилтеме жасалат:
(а) Мүчө мамлекеттин дайындашы:
- 3-статья, 5-пункту, "Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы макулдашуу";
- 3-статья, 4-пункту, "Кыргызстан менен Чехия Республикасынын ортосундагы макулдашуу";
- 3-статья, 2-пункту, "Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы макулдашуу";
- 3-статья, 2 (а) пункту, "Кыргызстан менен Грециянын ортосундагы макулдашуу";
- 4-статья, 4-пункту, "Кыргызстан менен Бириккен Королдуктун ортосундагы Макулдашуу" жана В-тиркеме, Кыргызстан менен Бириккен Королдуктун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун 4 (а) статьясы.
(Ь) Ыйгарым укук же уруксаттарды берүүдөн баш тартуу, кайра алып коюу, убактылуу токтотуу же чектөө:
- 4-статья, 1 (а) пункту, "Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы макулдашуу";
- 4-статья, 1 (Ь) пункту, "Кыргызстан менен Чехия Республикасынын ортосундагы макулдашуу";
- 4-статья, 1 (а) пункту, "Кыргызстан менен Грециянын ортосундагы макулдашуу";
- 5-статья, 1 (а) пункту, "Кыргызстан менен Бириккен Королдуктун ортосундагы Макулдашуу" жана В тиркеме, "Кыргызстан менен Бириккен Королдуктун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун" 5-стать- ясы 1 (а) пункту;
(с) Коопсуздук:
- 6-статья, "Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы макулдашуу";
- 7-статья, "Кыргызстан менен Чехия Республикасынын ортосундагы макулдашуу";
- 12-статья, "Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы макулдашуу";
- 8-статья, "Кыргызстан менен Грециянын ортосундагы макулдашуу";
- В тиркеме, "Кыргызстан менен Бириккен Королдуктун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун 13 bis статьясы;
(b) Авиациялык отунга салык салуу:
- 7-статья, "Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы макулдашуу";
- 8-статья, "Кыргызстан менен Чехия Республикасынын ортосундагы макулдашуу";
- 6-статья, "Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы макулдашуу";
- 9-статья, "Кыргызстан менен Грециянын ортосундагы макулдашуу";
- 9-статья "Кыргызстан менен Словакия ортосундагы Макулдашуу";
- 8-статья, "Кыргызстан менен Бириккен Королдуктун ортосундагы макулдашуу";
(е) Европа Шериктештигинин чегиндеги ташууларга тарифтер:
- 11-статья, "Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы макулдашуу";
- 12-статья, "Кыргызстан менен Чехия Республикасынын ортосундагы макулдашуу";
- 10-статья, "Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы макулдашуу";
- 13-статья, "Кыргызстан менен Грециянын ортосундагы макулдашуу";
- 7-статья, "Кыргызстан менен Бириккен Королдуктун ортосундагы макулдашуу" жана В тиркеме, "Кыргызстан менен Бириккен Королдуктун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун" 7-статьясы;
|
| III-тиркеме |
Ушул Макулдашуунун 2-статьясында аталган башка мамлекеттердин тизмеси:
(а) Исландия Республикасы (Европа Экономикалык Зонасы жөнүндө Макулдашууга ылайык);
(Ь) Лихтенштейн Княздыгы (Европа Экономикалык Зонасы жөнүндө Макулдашууга ылайык);
(с) Норвегия Королдугу (Европа Экономикалык Зонасы жөнүндө Макулдашууга ылайык);
(d) Швейцария Конфедерациясы (Европа Шериктештиги менен Швейцария Конфедерациясынын ортосундагы Аба транспорту жөнүндө макулдашууга ылайык).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн (Кол тамгасы) |
| Европа Шериктештиги үчүн (Кол тамгасы) |